Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Баткенде жергиликтүү бийликти СДПКга жан тартып жатат деп сындашууда


Баткен облустук акимчилиги үгүт иштерин жүргүзүү учурунда баардык партияларга бирдей шарт түзүп бербестен, кээ бир саясий партияларга административдик күч менен жардам берип жатат деп арызданды “Азаттыкка” “Ата Журт” партиясынын өкүлү Улукбек Кочкоров.

Анын айтымында, СДПК партиясынан парламенттик шайлоого атттанган Исмаил Исаков Баткен облусуна жолугушууга келген учурда облустук акимчилик мекеме жетекчилерин жумуштан кийин чакырып, тизме боюнча каттап жыйын өткөрдү. Андан сырткары университеттин студенттерин алып келип жолугушуу уюштурду.

Облустук акимчиликтин уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Эрмек Бахавадинов өз кезегинде бул айыптоолорду курулай жалаа катары четке какты. Анын жүйөөсүндө жергиликтүү бийлик эч кимге артыкчылык берген жок, эгер мыйзам бузулган фактылар болсо сотко кайрылуу кажет. (JsA)

XS
SM
MD
LG