Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутулууда


Жер-жерлердеги шайлоо бекеттеринин мүчөлөрүнүн бардыгы парламенттик шайлоо алдында окутуудан өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, кийинки эки жума аралыгында өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан жергиликтүү шайлоо комиссияларынын 2 300 чамалуу мүчөсү окутуудан өтүшөт. Аларга шайлоонун эл аралык стандарттары үйрөтүлүп, таза шайлоо өткөрүүнүн маани-маңызы түшүндүрүлмөкчү.

Окутуу иштерин Эл аралык шайлоо системасы кору, Борбордук шайлоо комиссиясы жана АКШнын эл аралык кызматташтык агенттигинин адистери өткөрүшөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG