Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

“Жараланган турналар” аттуу көркөм тасма тартылды


Режиссер Жаныш Кулмамбетов “Жараланган турналар” аттуу 2 саат 10 мүнөттүк көркөм тасма тартты. Ж.Кулмамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, аталган фильмдин бет ачары эртең саат 19:00дө Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинин кино залында болот.

Аталган лирикалык-драматикалык тасма кыз ала качуу өнөкөтүнүн айланасында болуп, кыз ала качуу көрүнүшү трагедия катары чагылдырылган.

“Айрым чыгармачыл адамдар кыз ала качууну романтикага айландырып, жакшы көрүнүш сыяктуу чагылдырып жүрүшөт. Чынында бул абдан кейиштүү, начар өнөкөт болуп калды”,- дейт режиссер. (IJz)

XS
SM
MD
LG