Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Ооганстандагы шайлоо боюнча 3 миңдей даттануу арызы түшкөн


Өлкөдө Бириккен улуттар уюмунун жардамы менен шайлоонун жүрүшүнө көз салуу үчүн түзүлгөн атайын топ бүгүн ушиптин билдирди. Шайлоодогу арыздар боюнча комиссия билдиргендей, түрдүү катачылыктар, мыйзам бузуулар жөнүндө арыздардын жарымына жакыны өткөн ишембидеги шайлоо күнү эле түшкөн. Калганы - бүгүнкү күнгө чейин келгендери. Андан сырткары 1700дөй адам оозеки даттанып кайрылганы да айтылды. Өткөн аптанын ишембисинде Ооганстанда парламентке шайлоо өткөн. Мамлекетте добуш берүү процессине 7 миңдей байкоочусу көз салган фонддун кабарына караганда, шайлоодо катачылыктар массалык түрдө кездешти. Андыктан президент Хамид Карзай да, Улуттар уюмунун ал жактагы атайын өкүлү да “Шайлоо ийгиликтүү өттү дегенге али эрте” деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG