Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Билл Гейтс АКШнын эң бай адамы бойдон калууда


“Майкрософт” компаниясынын уюштуруучусу байлыгынын көлөмү жагынан биринчиликти ушуну менен 17 жыл катары менен бербей келе жатат. “Форбс” журналынын соңку эсебине караганда, Билл Гейтстин дүйнө-мүлкү азыр 54 миллиард долларга бааланат же былтыркыдан 4 миллиард долларга көбөйгөн. Андан кийинки экинчи орунда 45 миллиард доллары менен Уоррен Баффет турат. Эң бай деп эсептелген 400 америкалыктын эң кичүүсү 26 жаштагы Дастин Московитц. Интернеттеги “Facebook” социалдык түйүнүнө ээлик кылгандардын биринин байлыгын “Форбс” журналы быйыл 1,4 миллиард доллар деп баалаган.

XS
SM
MD
LG