Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Жапония кытайлык кеме башчыны бошотот


Жапониялык прокурор эки жума мурда кармалган кытай жараны бошотулаарын айтты. Жапония тарабынан кытайлык кеменин кармалышы эки өлкө ортосунда дипломатиялык чырды тутантты. 8-сентябрда Чыгыш Кытай деңизиндеги жапон-кытай талаштуу суу бассейининде кытайлык кеме 14 деңизчи менен кармалган. Кийинчерек жапон соту деңизчилерди бошотуп, бирок кеме башчыны абакта кармап калган. Кытай Жапонияны тезинен өз жаранын бошотууга чакырган. Ал арада эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги карым-катнашы татаалдаша баштаган.

XS
SM
MD
LG