Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Талас шаарында 2 мектепти жабуу демилгеси көтөрүлдү


Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Давлеталиев Талас шаарындагы №8 жана №9 мектептерди жабуу демилгесин көтөрдү. Өмүрбек Давлеталиев Эсеп палатасынан келген текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, 2 мектептеги окуу бөлмөлөрү окуучуларга толбогонуна байланыштуу аларды жабуу керектигин Шаардык кеңешке билдирген. Бүгүн Талас шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйында бул маселени карап чыгып, мектептерди жабууга каршы болушту. Кеңеш мектептерге окуучуларды тартуу үчүн түрк, англис тилдерин терең окутуп, дагы башка багытта иш алып барып, окуу бөлмөлөрдү толуктоо аракеттери көрүлсүн деген токтом кабыл алды. Талас шаарынын прокурору Ашым Дүйшөналиев мыйзамда окуу бөлмөлөрүндө канча окуучу болушу керектиги айтылбаганын белгилеп, мектептерди жабуу демилгесин колдобой турганын “Азаттыкка” айтты. (UA)

XS
SM
MD
LG