Йемен бийликтери өлкө түштүгүндөгү Хота шаары “ал-Каиданын” согушчандарынан тазаланганын маалымдашты. “Ал-каидачылар” Хотаны 18-сентябрдан бери баш пааналап жаткан. Бүгүн эле Йемендин байтактысы Санада эки куралчан коопсуздук күчтөрүн тарткан автобусту буктурмага алып, 10 аскерди жарадар кылганы, алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени маалымдалды.