Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Укук коргоочуларды коркуткандар чыгууда


“Кылым шамы” укук коргоо борбору Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаал тууралуу кезектеги байкоо-иликтөө иштерин жүргүзүп келди. Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдиргендей, түштүктөгү көптөгөн укук бузуулар тууралуу ушул тапта ачык айтып чыгуу кооптуу болуп турат. Анткени Ош, Жалал-Абад облустарында гана эмес Бишкекте да белгисиз бирөөлөр укук коргоочуларды коркуткан учурлар болууда.

Укук коргоочунун айтымында, Ош жана Жалал-Абаддагы соңку кырдаал боюнча бир гана көңүл жубатчу иш, калыбына келтирүү иштеринин жандуу жүрүп аткандыгы болууда. Ал эми адам укуктарына байланыштуу абал дале оор болуп, тынч жарандардын колунда дале көптөгөн курал-жарактар кала берүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG