Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Бүгүн “Жылдын мугалими” сынагы башталат


Чыгармачыл мугалимдерди колдоо, билим берүүгө инновациялык ыкмаларды киргизүүнү максат кылган бул сынак бүгүн Аламүдүн районундагы № 1-орто мектепте башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Сынактын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Мыкты мектеп”, “Мыкты бала бакча” багыттары боюнча жеңүүчүлөр тандалат. Бул конкурсту өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Байге фонду 1 миллион 326 миң сомду түзөт. Бул сынакта мугалимдер өз предмети боюнча ачык сабак өтүп, усулдук чеберчилигин көрсөтүшөт. Калыстар тобу ошондой эле алардын билим деңгээлин да сынап көрмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG