Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Москва шаарында «Дарыгер» медициналык борбору ачылды


Орусиянын борбору Москва шаарындагы Тынчтык проспектисинин 119-номурлуу имаратында Москва шаарынын саламаттык сактоо демпартаментинин лицензиясынын негизинде «Дарыгер» медициналык борбору ачылды. Аталган медициналык борбор Орусиядагы кыргызстандык мекендештерди, эмгек мигранттарын колдоо максатында, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин көмөгү астында ачылды. Бул борбор замбап медициналык шаймандар менен жабдылган.

«Дарыгер» медициналык борборунун негизги милдети Орусиядагы милдеттүү медициналык камсыздоо кызматынан пайдалануу укугу чектелген мекендештерибизге керектүү кеп-кеңеш жана медициналык жардам көрсөтүү болмокчу. Аталган борбордо Кыргызстандын ал жакта жашаган жарандары күн сайын атайын медициналык жардам алып жана ооруну текшерүүдөн өтө алышат. Эмкана Москва шаарындагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборундагы «Кыргызстан» соода-көргөзмө борборунун имаратындагы Соода үйү тарабынан бөлүнүп берилди.

«Дарыгер» медициналык борборунда негизинен кыргызстандык адистер иштешет. Кыргызстандыктар эми Москвада гинеколог, уролог, тиш догдур УЗИ дарыгерлери сыяктуу догдурларга кайрыла алышат. Акыркы айда «Дарыгерде» 700 адам текшерүүдөн өтүштү. Алардын ичинен 519 аял жана 181 эркектер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG