Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Пакистанда ал-Каиданын жогорку жетекчиси жок кылынды


Пакистандын чалгын кызматы өткөн ишембиде ал-Каиданын жогорку даражалуу лидерлеринин бири Ооганстан менен чектеш аймакта жүргөндө америкалык учаксыз ракета атып өлтүргөндүгүн маалымдады. Эгер Шейх ал-Масиринин өлгөнү чын болсо, анда америкалык ракетаны колдонуу аркылуу террордук түйүндөрдү жок кылуунун дагы бир мисалы болот.

Өлтүрүлдү делген ал-Масири май айында ракеталык сокку менен жок кылынган Мустафа ал-Уазидди алмаштырган ал-Каида уюмунун 3-орундагы командири катары белгилүү.

АКШ сентябрдан бери Пакистандын түндүк батышына 21 ракета койгон, бул мурдагы айларга салыштырмалуу эки эсе көп.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG