Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Кытай АКШнын юань боюнча мыйзамын сынга алды


Расмий Бээжиндин пикиринде, кытай товарларынын америкалык базарга кириши үчүн баажы тарифтерин көтөрүүнү караган мыйзамы Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине каршы келет. АКШ менен Евробиримдик Кытайды экспорттук мүмкүнчүлүгүн коргоо үчүн улуттук акчасы – юандын америкалык долларга карата курсун атайлап төмөн түшүрүп жатканы үчүн көптөн бери сынга алып келген. Бул маселени бейшемби күнү Айова штатында жергиликтүү тургундардын тобу менен жолугушуу учурунда президент Барак Обама да комментарийледи:

-Мен Кытайга валютасына байланыштуу жасап жаткан басымдын жүйөөсү алардын акчасынын наркы арзандатылгандыгында. Бул иш жүзүндө алар бизде сатып жаткан товар 10%га арзан, ал эми биз бул жерде сатууга аракеттенген товар 10%га кымбат болот дегендик.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында жактырылган мыйзам күчүнө кириш үчүн эми Сенатта бекитилип, андан кийин ага АКШ президенти кол коюуусу керек.

XS
SM
MD
LG