Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

“Республика” партиясы үгүт эрежеси одоно бузулуп жатканын билдирүүдө


“Республика” партиясы “Учкун” басмаканасында 200 миң нускада басылып чыккан “Айыл турмушу” гезитинде шайлоого катышып жаткан айрым партияларды жана алардын лидерлерин каралаган макалалар басылганын билдирди. Аталган партиянын өкүлдөрү бул иштин артында шайлоолордун таза жана адилеттүү өтүшүнө кызыкдар болбогон саясий күчтөр турганын, алар тарабынан БШКга, укук коргоо органдарына кысым жасалып жатканын белгилешүүдө.

“Айыл турмушу” гезитинин башкы редактору Кеңеш Бакировдун “Азаттыкка” билдиршинче, аталган гезит 200 миң нускада басылып чыкканы чын жана анда башка ММКларда чыгып жүргөн айрым партиялар жөнүндөгү сын макалалардын топтому гана жазылып, аны чыгарууга эч ким тарабынан буйрук берилген эмес.

“Учкун” басмаканасынын гезиттер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Эшалиев аларга кысым болуп жатат деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, “Айыл турмушу” гезити башка гезиттердей эле белгиленген тартипте басылып чыкты.

Ошентсе да бул окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышканын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов "Азаттыкка" ырастады. (KKs)

XS
SM
MD
LG