Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Парламенттик шайлоого катышып жаткан төрт партия президентке кайрылуу жолдоду


“Ар -Намыс”, “Ата –журт”, “Республика”, “Жашасын Кыргызстан” саясий партияларынын президент Роза Отунбаевга жолдогон кайрылуусу бүгүн кечке жуук “АКИ пресс” жана “24.kg” агенттиктеринде жарыяланды. Кайрылууда аталган төрт партиянын лидерлери президентти шайлоонун мөөнөтү которулушуна жол бербөөгө чакырат. Документтин “24.kg” агенттигинде жарыяланган текстинде “СДПК партиясы шайлоону административдик ресурсту колдонуу менен үзгүлтүккө учуратып, келерки жылдын февралына которууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат бар”,- деп айтылган.

Ал эми кайрылуунун “АКИ пресс” агенттигинде жарыяланган текстинде болсо шайлоону “бийлик партияларынын бири үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат”,- деп белгиленген. Мындан сырткары кайрылуу авторлору “Айыл турмушу” деген газетанын “Учкун” басмаканасынан 2-октябрдан 3- октябрга караган түнү кармалган 209 миңден ашуун нускасына “СДПК партиясынын жаш канаты катары эсептелген “Демилге” фонду заказ бергендиги бизге белгилүү болду”, - деп ырасташат. “Айыл турмушу” гезитинде басылган материалдарды кайрылуу авторлору башка партиялардын абийрин, ар намысын булгоо жана “саясий чагымчылык” деп аташкан. “Ар -Намыс”, “Ата –журт”, “Республика”, “Жашасын Кыргызстан” партияларынын президентке жолдогон бүгүн кайрылуусунда айтылгандар боюнча СДПК партиясынын көз карашын билүү азырынча мүмкүн болгон жок. (UE)

XS
SM
MD
LG