Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Бишкекте жаштар курултайы башталат


Бүгүн Бишкекте “Жаштардын үнү - кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы республикалык жаштар курултайы башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтчү курултайдын ачылышына президент Роза Отунбаева да катышмакчы. Жаштарга багыт көрсөтүү, коомдук долбоорлорду иштеп чыгуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган бул конгресске Кыргызстандын бардык аймактарынан жаштар, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган делегаттар келмекчи. Аталган курултай эртең кечке жуук ишин жыйынтыктамакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG