Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Июндагы коогалаңдын курмандыктары 403 адамга жетти


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык коогаландын кесепетинен жабыр таркандардын саны 2500 адамдан ашты. Курман болгондордун басымдуу бөлүгү 20-30 жаштын тегерегиндеги эркектер болушкан. Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 72 сөөк таанылбай атат. Ушул тапта Москвадагы соттук медициналык экспертиза борборунда 201 даана биологиялык материалдар иликтенүүдө.

Ошондой эле маалыматка ылайык, коогалаңда 1165 адам ок жеп жаракат алса, 600 адам катуу токмоктолгон. Андан тышкары жүздөн ашуун кескиленген, бычак жеген, өрттөн жабыркаган жарадарлар болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG