Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Евробиримдик-Кытай саммити ачылды


Брюсселде ачылган жыйында Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозу Кытайдын премьер министри Вен Цзябого кайрылып
«Дүйнөлүк деңгээлде Евробиримдик-Кытай ортосунда соода-сатык жана экономикалык алакалар эң маанилүү. Бул алакалар барчылыкты камсыз кылып, кызмат орундарын түзүп, эки тарапка тең инновациялык өнүгүүгө негиз берүүдө. Биз ошондой эле кызматташуунун башка тараптарын дагы жайылтууга көңүл буруубуз керек», деди.
Саммит учурунда европалык лидерлер кытай премьер министрине Кытайдын акчасын – юандын өсүшүн эркин коё берүүнү талап кылат. Буга чейин европалык, америкалык лидерлер кытай өкмөтү юандын баасынын өсүшүн атайылап кармап тургандыгын, бул болсо өлкөдөн арзан товар экспертөө үчүн жасалып жаткандыгын айтышкан.

XS
SM
MD
LG