Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

КТРК жетекчисин тандоо сынагында төрт талапкер калды


Бул туурасында КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Бегайым Үсөнова «Азаттыкка» билдирди. КТРКнын жетекчисин тандоо сынагынын 7-октябрда өткөн экинчи турунда 20 талапкер менен оозеки сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен төрт адамдын талапкерлиги жашыруун добуш берүүгө коюлган. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Казаков, Илимбек Карыпбеков, Эрнис Мамырканов жана Кубат Оторбаев баштаган төрт талапкердин ичинен Илимбек Карыпбеков көп добушту алган. Бирок Байкоочулар кеңешинин айрым мүчөлөрү сынактын дагы бир турун өткөрүүгө муктаждык бар экендигин белгилешкендиктен төрт талапкер менен кошумча маек болоору белгилүү болду. Натыйжада КТРКнын жетекчисин тандоо сынагынын кошумча туру 9-октябрда Улуттук китепканада ачык түрдө өткөрүлөт.

Улуттук телерадиоканал (УТРК) быйыл сентябрда Коомдук телерадиого айланып (КТРК), анын 15 адамдан турган байкоочу кеңеши түзүлгөн. КТРК жетекчисин ушул байкоочу кеңеш сынак аркылуу тандашы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG