Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Оштун мэри Мелис Мырзакматов добуш берди


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эртең мененки саат тогуздарда шаардагы Ломоносов атындагы мектепте жайгашкан шайлоо жайында добуш берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" билдирген мэрдин жардамчысы Салкынбек Ташбаев Мелис Мырзакматов өз иштерине байланыштуу добуш берүүгө шашылыш келип кеткенин кошумчалады.

Мындан мурдараак Мэриянын басма сөз катчысы Александр Ким мэр Мелис Мырзакматов добуш берүүгө катышпастыгын жана анын себептерин билбестигин айткан эле. Мэрдин жардамчысы бул маалыматты четке кагып, аны басма сөз катчынын мэрия аппаратынын кызматкерлери менен тыгыз иштешпегени менен байланыштырды жана ага туура эмес маалымат бергени үчүн тиешелүү чара көрүлөөрүн эскертти. (SA, SM)

XS
SM
MD
LG