Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

БШК: Толуп калган үкөктөрдү бошотуу маселеси чечилди


Бул туурасында БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында кээ бир аймактарда урнага бюллетендер батпай калып жатканы кабарлангандан кийин мындай чечим БШКнын шашылыш отурумунда кабыл алынды. Натыйжада кайсы бир шайлоо түйүнүндө урна толуп кала турган болсо, бюллетендер байкоочулардын жана шайлоо комиссияларынын катышуусунда атайын кап же кутуларга бошотулуп, оозу бекитилет. Ал каптар бошогон урнанын жанына коюлат. БШКдан билдиришкендей, бул жолку бюллетендердин узундугу 70 сантиметрден ашык болушунан улам урнага батпай калган учурлар кездешүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG