Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

“Жарандар коррупцияга каршы” уюму: шайлоодо орчундуу мыйзам бузуулар жок


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору 10-октябрда өлкөдөгү шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөнүн кабарлады. 25 участкада жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында орчундуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

Байкоочулардын баамында парламенттик шайлоо мурдакы шайлоолорго караганда алда канча тунук өттү, административдик ресурс көп кийлигишкен жок, шайлоочулар акыл-эстүү добуш берип жатышты. Нарын жана Ысык-Көл областтарында аял шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү байкалды, ал эми Ош шаарында жайында болгон кайгылуу окуяларга карабастан шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышты.

Ушундай оң көрүнүштөр менен катар дээрлик бардык байкоочулар шайлоочуларды ташып келүү, талапка жооп бербеген документ менен добуш берүү, карусель технологиясын колдонуу жана айрым учурда шайлоочуларды сатып алуу көрүнүштөрүнө жол берилгенин, айрым жерлерде административдик ресурстун кийлигишкен учурлары болгонун белгилешүүдө. (КС)

XS
SM
MD
LG