Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Чилилик 33 кенчини куткаруу башталганы турат


Бүгүн кечинде Чилиде 5-августтан бери жер астында камоодо жаткан 33 кенчини жер бетине чыгаруу иштери башталат. Дүйшөмбү күнү инженерлер 625 метр тереңге түшүрүлчү жана кенчилерди бирден алып чыкчу атайын жабдык ийгиликтүү сыналганын билдиришти. Кенчилердин маанайы жакшы экенин Чилинин куткаруучулар ассоциациясынын төрагасы Алесандро Пино билдирди:

- Кенчилердин сөзүнчө, алар демдүү-күчтүү. Куткаруу операциясы башталгандан бир нече саат мурда алар маанайы абдан жакшы экенин айтышты. Бул инженерлик өнөрдүн жана кенчилерди куткаруунун тарыхындагы теңдешсиз иш болот.

XS
SM
MD
LG