Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Ошто “Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери жөө жүрүшкө чыгышы мүмкүн


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын таламын талашып, бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтына чогулгандардын саны 500дүн тегерегинде болду. Алар өз талаптары аткарылбаса Бишкекке жөө жүрүшкө чыгууну пландап жатышат. Ошондой эле ЭлТР телеканалынан коомчулукка талаптарын жеткирүүнү суранышууда. Чогулгандар колдоруна “БШК Кыргызстанды башаламандыкка алып баратат”, “БШК эки күндө ойлоп тапканың ушулбу?” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жалпы шайлоочулардын беш пайыздык босогосунан өткөндүгүн айтып, нааразы болгондор Баткен менен Жалал-Абад облустарында да чогулууда. Таш-Көмүр шаарында чогулган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 100-150 тарапкерлери менен ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев жолугушту. Чогулгандар жол тосуу аракетин көрүшкөн жок жана БШКдан партиянын беш пайыздык босогодон өткөнүн таануусун талап кылышууда.

“Бүтүн Кыргызстан” 145 миң 455 шайлоочунун добушун алган. БШК мурда 5 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 142 миңге жакын добушка ээ болуусу керектигин айтса, эми кошумча тизмелерге байланыштуу мындай босого 150 миң добушка жакындап барганын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG