Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин областтык сот 25-октябрда карайт


Жогорку Соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, укук коргоочунун кылмыш ишин Жалал-Абад облустук соту апелляциялык тартипте карайт. Облустук соттун көчмө жыйыны Майлуу-Суу шаардык сотунун имаратында өтмөкчү.

Июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин, дагы бир нече кишини мыкаачылык менен өлтүргөн", "башаламандык уюштурган" деген айып менен Базар-Коргон райондук соту 15-сентябрда укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана дагы төрт кишиге үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Ушул эле соттун чечими менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга эркинен ажыратылышкан.

Айыптоочулар укук коргоочунун кылмыш иши толугу менен далилденгенин билдиришүүдө. Азимжан Аскаров сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ошондуктан анын жактоочулары жана бир катар эл аралык укук коргоочулар А.Аскаровдун ишин кайра кароого чакырууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG