Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Таласта чагымчыл мазмундагы катка тынчсыздануулар жаралууда


Таластагы массалык маалымат каражаттарына “Революцияны коргоо” кыймылынын өкүлдөрү кайрылып, аларга “Түштүктүн патриотторунун атынан” деген аталыш менен кат келгенин, анда түндүк-түштүк маселеси козголуп, каттын ээлери кадр саясатына нааразылыгын билдиришип, 7-апрелде аянтта окко учкандардын өлүмүнө азыркы бийликти күнөөлөшкөнүн айтып, мындай чагымчыл маанайдагы катка нааразылыгын билдиришти. “Революцияны коргоо” кыймылынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматы жана жалпы эле тартип коргоо кызматкерлери 10-октябрда эле чыккан бул катка кош көңүл мамиле жасап жатат деген пикирде. Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери мындай катты коомчулукка жарыялабастан кылдат мамиле жасоо керектигин белгилешти. (UA)

XS
SM
MD
LG