Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

ЕККУнун төрагасы кыргыз президентин куттуктады


ЕККУнун төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеваны парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, К. Саудабаев Р. Отунбаева менен телефон аркылуу байланышкан. Баарлашуу учурунда тараптар кыргыз парламентинин жана өкмөтүнүн эртерээк куралуу зарылчылыгын, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн негизги шарт болуп саналган –туруктуулукту камсыз кылуу керектиги тууралуу сүйлөштү. "Мындан тышкары ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы жөнүндө да сөз болду" деп билдирет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. (ZKo)

XS
SM
MD
LG