Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:44

Киевде орус тилинин макамын жогорулатууга каршы акция башталды


Киевде Украина парламентинин алдына чогулган эки жүздөй адам орус тилин украин тилине теңөө жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясын башташты. “Тилибиз-мекенибиз”, “Мамлекеттик тил бирөө гана” деген ураандарды көтөргөн демонстранттардын ичинде таанымал жазуучулар, ага-инилер Виталий жана Дмитрий Капранов да бар. Орус тилинин даражасын украин тилине теңөө жөнүндөгү мыйзам долбоорун өткөн айда президенттик Региондор партиясынын төрагасы Александр Ефремов, Коммунисттер фракциясынын башчысы Петр Симоненко жана Литвинов блогунун мүчөсү Сергей Гриневский парламентке киргизишкен. Мыйзам долбоору, ошондой эле, кош тилдүүлүктү колдоп, жарандарга орус же украин тилинде окууга кепилдик берүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG