Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Быйыл дан эгиндеринен алынган түшүм аз


Айыл чарба министрлигинин маалымдаганы боюнча, быйыл жыйналып алган түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 201 миң тоннага аз. Ушул күнгө карата арпа менен буудайдын түшүмү 1 млн. 386 миң тоннаны түздү. Буга быйылкы жылы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу гектарына 6 центнерге азайганы себеп, түшүмдүүлүктүн азайуусуна аба ырайы, күйүүчү май баасынын өтө кымбат болушу жана июнь коогалаңынын кесепети тийди, анткени көптөгөн дыйкандар агротехникалык иштерди өз убагында жүргүзө албай калышты, деп билдирет айыл чарба министрлиги. Азырга чейин Кыргызстанда 494,1 гектар айдоо аянтындагы эгиндин 98,3% жыйналып алынды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG