Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акция уланат


Бул тууралуу уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты. Бир нече күндөн бери Эски аянтта, андан кийин мурдагы Өкмөт үйүнүн алдында бакиевчил күчтөрдүн бийликке келишине каршы өтүп жаткан иш чарага “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” жана “7-апрель” кыймылдары катышууда. Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, тез арада люстрация тууралуу мыйзамды кабыл алууну жана мурдагы президент К. Бакиевдин учурунда иштегендерди бийликке жолотпоону талап кылып жатышат. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, “Ата Журт” партиясын парламентке келтирбөө талабы менен Нарында да иш-чара өтүп жатат.

“Ата Журт” партиясы 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 267 175 шайлоочунун добушун алып, 1-орунга чыккан. Айрым маалымат каражаттары "партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев кулатылган президент Курманбек Бакиевди кайра өлкөгө алып келем деди" деген маалыматтарды жарыялап жиберген соң, партияга каршы нааразылыктар күчөгөн. Камчыбек Ташиев Бакиевди өлкөгө жоопко тартуу үчүн алып келерин айткандыгын “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG