Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

7-апрель ыңкылабын коргойбуз дегендердин митинги уланууда


Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары ушул тапта митингин улантууда.“Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, учурда митингге 700 ашуун адам чогулуп калды жана чогулгандардын катары улам барган сайын калыңдоодо. Алар 7-апрелде К.Бакиевдин авторитардык режимин кулатабыз деп жүзгө жакын адам курман болгонун, эми кайра эле айрым партиялар аркылуу ошол эле бакиевчилер бийликке келатканын айтып, 7-апрель ыңкылабын аягына чейин коргоп калышарын белгилешүүдө.

Нааразы болгондор 10-октябрда өткөн шайлоо жыйынтыктарынын жокко чыгарылышын, токтоосуз түрдө люстрация мыйзамынын кабыл алынышын жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигин түптөөгө түздөн-түз катышы бар адамдардын бийликке келбешин талап кылышууда. Бул нааразылык чара курамында бакиевчилер бар делген "Ата Журт" партиясы шайлоодо биринчи орунга чыкканы белгилүү болгондон кийин, 13-октябрда башталган. “Ата Журттун” лидерлеринин бири Садыр Жапаров партия өз күчү менен жеңишке жетти деген пикирин буга чейин“Азаттыкка” билдирген. Аталган партия 10-октябрда жалпы шайлоочулардын 8,89 пайыз добушун алып, алдыга чыккан. (IJz)

XS
SM
MD
LG