Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

Өкмөттүк топ түштүктө адвокаттардын абалын жеринен териштирет


Топту жетектеп барган вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров бүгүн Жалал-Абатта укук, тартип коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен жолугушат. Анда сот жараяндарынын жүрүшүндө адвокаттарды коркутуп-үркүтүү, кол салуу фактыларынын чын-бышыгы жеринен териштирилет. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чаралары талкууланат. А. Бекназаровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, андан кийин өкмөттүк топ Ошто да болот. Ал арада түштүктөгү коогалуу окуялар боюнча соттолуп жаткандардын жактоочулары өздөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып, эртең Бишкекте Башкы прокуратуранын алдында нааразылык акцияга чыкканы жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG