Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:17

Орусиялык ишкана Нарында алтын жана вольфрам казууга уруксат алды


Президент Р. Отунбаева Нарындагы Жерге-Тал айыл округундагы айыл чарбасына пайдаланылуучу 118 гектар жерди алтын жана вольфрам иштеп чыгуу үчүн бөлүү тууралуу токтомго кол койду. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматына караганда токтомго ылайык 80,33 гектар жайыт жана 37,67 гектар жер айыл чарбасы үчүн пайдалануучу категориядан “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” категориясына киргизилди. Бул жер кыска мөөнөттө “Рокизол” жоопкерчилиги чектелген ишканасына Сары-Жел жана Кум-Бел кендеринен алтын жана вольфрам казып алуу үчүн берилет. Нарын облустук акимчилигине аталган жерден алынуучу пайданын өлчөмүн эсептеп чыгуу тапшырылды.

«Рокизол» жоопкерчилиги чектелген ишканасы орус-кыргыз алтыны деген сөздүн негизинде түзүлгөн. Жерге-Талдагы алтын кенинде 2009-жылы күзүндө алтын казуу ишин баштаган бул ишкананын ээси орусиялык “Алмазинтех” ачык акционердик коому.(ZKo)

XS
SM
MD
LG