Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

К.Ташиевдин үйүндөгү жаңжал боюнча кылмыш иши козголот


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-октябрда “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири К.Ташиевдин үйүндө болуп өткөн жаңжал боюнча териштирүү, такоо иштери жүргүзүлүп бүтө элек. Кылмыш иши ушундай алдын-ала чаралар жүргүзүлгөн соң гана козголот. Башкы прокурордун маалымат катчысы Кубанычбек Сабыровдун айтымында, кылмыш иши козголору турган иш, бирок бул боюнча толук маалыматты жана кандай негизде кылмыш иши козголорун эртең Башкы прокурордун орун басары билдирмекчи. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыш иши эки тараптын көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголмокчу. Ушул тапта К.Ташиев УКМКны айыптаса, коопсуздук кызматынын жетекчиси аны четке кагып, тескерисинче К.Ташиевди күнөөлөөдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG