Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Президент Рахмон стратегиялык планды Карзай менен талкуулады


Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кабылдагы эки күндүк визити карыйт. Ал дүйшөмбү күнү президент Хамид Карзай менен жолугушту. Рахмон кездешүүдөн кийин Тажикстан “терроризмге каршы күрөштүн эл аралык стратегиясын, ошондой эле экстремизмге жана башка коркунучтарга каршы согушту колдоорун” билдирди. Тажик жана Ооган лидерлери Тажикстан-Ооганстан-Пакистанды туташтырган кан жолду куруу планын, дагы башка орток долбоорлорду талкуулашты. Франсс Пресс агенттигинин Тажик президентинин атын атын атабаган жардамчысына шилтеп кабарлашынча, Кабылда тажик-ооган чек арасындагы коопсуздук, маң аткезчилигине каршы күрөшүү маселеси да талкууланат.

XS
SM
MD
LG