Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Франция иш таштоодон күнүгө 400 млн. еврого чейин жоготууда


Францияда 200дөн ашуун мунай сактоочу жай пенсия реформасына нааразы демонстранттардан камоосунан бошотулду. 12 мунай иштетүүчү ишкананынын жумушчулары өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгына алып барган иш таштоону токтотолу деп чечкени маалымдалды. Экономика министри Кристин Лагард айым дүйшмбү күнү Франция иш таштоодон күнүнө 400 миллион еврого чейин зыян тартканын билдирди:

- Айрым эсептөөлөр боюнча, иш таштоо күнүнө 200дөн 400 миллион еврого чейин чыгым келтирүүдө. Бул сан өтө так эмес. Себеби, ал эсептөөгө ылайык болот. Бирок мунайды көп керектеген химия өнөр жайы чоң чыгым тартканын күбөлөгөн далилдер бар.

Франциянын Сенаты пенсия курагын 60тан 62ге жогорулаткан мыйзам долбоорун ушу аптада бекитет деп болжолдонууда. Ал эми кесиптик союздар 28-октябрда жалпы элдик иш таштоо уюштурмак болууда. Аларга студенттер да кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG