Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Чехия кубалык диссидентке баш паанек берет


Чехия жакында абактан бошотулган кубалык диссидент Роландо Хименес Посадга жана анын үй-бүлөсүнө баш паанек берерин билдирди. Кесиби боюнча юрист Посад 2003-жылы адам укугун коргогону жана коммунисттик бийликке каршы нааразылык өткөргөнү үчүн абакка салынган. Куба өкмөтү өткөн аптада 52 абийир туткунун түрмөдөн чыгарган. Алар католик чиркөөсүнүн арачылыгы менен Испанияга чыгарылып кеткен. Чехия менен Испаниядан башка да Чили жана АКШ кубалык саясый диссиденттерди кабыл алууга даяр экени билдирген.

XS
SM
MD
LG