Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Обама жана Зардари Пакистандагы террорчуларга каршы күрөштү күчөтүшөт


АКШ жана Пакистан президенттери телефон аркылуу сүйлөшүүдө Пакистандагы террорчул уюмдарга каршы согушту дагы күчтөндүрүү зарыл экенин белгилешти. Ак Үйдүн кабарлашынча, Барак Обама жана Азиф Али Зардари 26-октябрдагы телефон баарлашуусунда “Кошмо Штаттар Пакистандагы демократияны жана айкындыкты колдооруна көңүл бурган” жана “президент Зардарини салык реформасы жана энергияны субсидиялоону токтотуу сыяктуу маанилүү иштерди өтөсүнө чыгууга чакырган”. Өткөн жумада америкалык жана пакистандык даражалуу чиновниктер терроризмге каршы күрөштө кызматташуу боюнча күн бою “стратегиялык сүйлөшүүлөрдү” өткөргөн.

XS
SM
MD
LG