Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Ф.Кулов президенттик башкарууга кайтуу керектигин айтууда


“Ар-Намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдө туруктуулук жана өнүгүү болушу үчүн президенттин бийлигин күчтөндүрүү керектигин дагы бир ирет айтып чыкты. Анын айтымында, учурдагы баш мыйзамга парламент 10 жыл бою тийбеши керек деген берене кирип калган. “Бирок бул процессти элдин демилгеси катары ишке ашырса болот”,- дейт ал.

20 жылга чукул убакыттан бери күчтүү президенттик бийлик өзүн көрсөткөнүн, бийликти бир колго топтоо коркунучтуу экендигин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар көтөрүп чыгып, 7-апрелден кийинки реформалардын негизинде Кыргызстан парламенттик мамлекетке айланган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG