Анда күбөлөр менен жабырлануучулар көрсөтмө беришет. “Санпа” окуясы боюнча азыр 19 адам камакта. Алар июнь айындагы массалык тополоңго, адам өлтүрүүгө катышкан деп шектелип жатышат. 12-13-июнь күндөрү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы “Санпа” пахта иштетүүчү заводдун жанында миңге чукул адам чогулуп жолдо өткөн унаачан адамдарга куралчан кол салышкан. Тополоңдо 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгон, 9 унаа өрттөлгөн болчу. (EBM)