Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Сербия качкын генералдын башын 14 млн. долларга баалады


Сербия өкмөтү Ратко Младичтин башы үчүн байгени 1,4 миллион доллардан 14 миллион долларга чыгарды. Босниялык сербдердин Балкан согушу маалындагы аскер башчысы Ратко Младичти Улуттар Уюмунун согуш кылмыштары боюнча соту Сребреница чөлкөмүдөгү кызыл кыргынды уюштурган деп айыптоодо. Кыргында 8 миңдей мусулман балдар менен эркектер жок кылынган.
Сербия өкмөтү Балкан согушу кезиндеги хорватиялык серб козголоңчуларынын лидери Горан Гаджичти тутуп берген адамга 1 миллион доллар байге убада кылды. Бул мурдакыдан 650 миң долларга көп. Гаджич 1991-95-жылдары Хорватия мурдакы Югославиядан күнкорсуз болуу үчүн согушуп жатканда адамзатка каршы кылмыш жасаган деп айыпталууда. Младич менен Гаджич Сербияда жашырынып жүрөт деген маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG