Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Кочкор районунда Алма фестивалы өтүп жатат


Кочкор районунун Теңдик айылында өтүп жаткан бул фестивалдын алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн алманын түрлөрү менен катар азык-түлүк продуктуларынын дээрлик бардык түрлөрү сатыкка коюлду. Мындан сырткары фермер жана дыйкандар арасында мөмө-жемиштерди өстүрүү, малдардын жаңы тукумдарын тандоо жана асыл тукумдуулугун арттыруу боюнча тажрыйба алмашуулар болуп жатат. Кочкордон "Азаттыктын" кабарчысы Алишер Токсонбаев маалымдагандай, фестивалдын жүрүшүндө оюн-зооктор, ар кыл сынактар өткөрүлүп, тегерек үстөлдөр уюштурулууда. Бул иш-чараны "Компаньон", "Мерсико" жана "Нур-Өмүр" бирикмелери өткөрүп, фестиваль багбанчылыкты өнүктүрүүгө, мөмө жемиштерин сатууда байланыштарды кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG