Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

“Аккула” ат майданында “Ынтымак” улуттук оюндар мелдеши аяктады


Мелдеште жеңишке ээ болгон Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Бишкектин командаларына президенттик администрациянын 10 миң сомдук байгелери тапшыралды. Мындан сырткары жеке ишкерлер менен күйөрмандар да өз байгелерин жаккан командага, оюнчуга беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” мелдештин уюштуруучуларынын бири Майрамкул Асаналиев билдирди.

Бишкектеги “Аккула” ат майданында бүгүн чак түштө башталган фестивалдын алкагында кыргыздын улуттук аңчылык өнөрлөрү – куш салуу, тайган агытуу жана мергенчилик, ат оюндары - кыз куумай, жорго салыш жана кыргыз күрөш боюнча таймаштар өттү. Мелдешке өлкө аймактарынан, коңшулаш Казакстандан аңчы, саяпкер, кушчулар катышты.

“Ынтымак” мелдеши Бишкек шаардык мэриясынын жана “Санат Кумай” федерациясынын көмөгү менен уюштурулду.

XS
SM
MD
LG