Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Төмөнкү Чүйдө жол талаштан чатак чыкты


Ушул тапта Төмөнкү Чүй айылынын ортосундагы клубдун алдына чогулган 100дөй кыргыз, лезгин улутундагы тургундар тарап кетишти. Бул тууралуу чогулдардын өкүлдөрү тастыкташты. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн атайын тобу айылды кыдырып, тактоо-териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Атайын топ менен райондук милициянын башчысы жана айыл өкмөтүнүн жетекчиси кошо жүрөт.

Айыл тургундарынын айтымында, 30-октябрда түштөн кийин айылда жол талаштан чыр чыккан. Анын натыйжасында денесинен жаракат алган айыл тургуну Сабилла Жапаров бир уулу менен Бишкек шаардык №4 ооруканага жаткырылды.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Р. Ахмедов учурда Сокулук райондук ИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерде тактоо-териштирүү жана айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди. (GA)

XS
SM
MD
LG