Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

"Айчүрөк” дүкөнүнөн жардыргыч зат табылган жок


ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, борбордук соода түйүнүн коопсуздук кызматы жана милиция кызматкерлери толугу менен текшерип чыккан соң, ага жардыргыч зат коюлган деген маалымат жалган деген бүтүмгө келишти. Түштөн кийин соода түйүнү кайрадан иштей баштады, ал эми күч кызматтары кооптуу жалган маалымат берип, дүрбөлөң салган адамдарды издөөгө киришти.

Бүгүн түшкө жуук Бишкектеги “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн администрациясына белгисиз бирөөлөр телефон чалып, дүкөнгө бомба коюлганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG