Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Козголоңчулар Газнидеги чөлкөмдү ээлеп алышты


Ооганстандын Газни вилаейтинин губернатору билдиргенине караганда, өкмөттүк күчтөр талиптер түн ичинде ээлеп алышкан Хогьяни чөлкөмүн кайтарып алышты. Муса Хан Акбарзада козголоңчулар кечээ кечинде жергиликтүү администрация имаратын ээлешкенин маалымдады. Азырынча курман болгондор тууралуу маалыматтар жок. Газни Ооганстандын эң бейстабилдүү чөлкөмү бойдон кала берүүдө. Сентябрда болгон парламенттик шайлоо коопсуздук себептеринен улам Газниде өткөрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG