Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Санжар Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды


Бишкекте Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Аскар Сүйүнбаевдин чечими менен мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев 10 жылга кесилип, күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болду.

Санжар Бакиев Жалал-Абад шаарында 13-14-майда массалык башаламандыкты уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган жана бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөткөн деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Жалал-Абад обладминистрациясын бошотууда Убактылуу өкмөттүн эки тарапкерин өлтүрүүгө катышы бар деген айыбы далилденген жок. Санжар Бакиевдин коомдук коргоочусу Бүбайша Арстанбекова “Азаттыкка” сот өкүмү саясий чечим болгонун жана ага коюлган айыптар негизсиз экенин билдирди. Эми Санжар Бакиевдин жактоочулары Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганы жатышат.

Жалал-Абад шаар сотунун көчмө жыйыны коопсуздук маселелеринен улам бул ишти Бишкек гарнизондук аскер сотунун имаратында карады. (AzK)

XS
SM
MD
LG