Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Обама Сенатты өзөктүк куралды кыскартуу келишимин ратификациялоого чакырды


АКШ президентинин айтымында, бул ишти быйыл жыл соңуна чейин бүткөрүү керек. Ал келишимди АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн өтө маанилүү документ катары мүнөздөдү. Өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимге АКШ менен Орусиянын президенттери быйыл апрелде кол койгон. Орусиянын Мамлекетик думасы да документти азырынча ратифакациялай элек. АКШда болсо Конгресс үчүн 2-ноябрда өткөн өткөөл шайлоонун натыйжасында демократтардын орду азайды. Бирок жыл соңуна чейин добуш берүүгө кайра шайланбай калган сенаторлор да катыша алат.

XS
SM
MD
LG