Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Жогорку Сот: шайлоого байланыштуу 10 арыз түштү


Жогорку Соттун маалымат кызматы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин жергиликтүү сот органдарына 10 арыз келип түшкөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, арыздардын бешөө саясий партияларга (“Бүтүн Кыргызстан”, “Акыйкат”, “Замандаш”, “Жашасын Кыргызстан”), үчөө коомдук уюмдарга (Коомдук парламент, “Мекен шейиттери”) тиешелүү, ал эми эки арыз жарандардан келди. Бүгүнкү күндө сотто төрт арыз каралып, арыздарды канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарылды. Талаптары жокко чыгарылган “Замандаш” партиясы менен Коомдук парламент соттун жогорку инстанцияларына кайрыла турганын билдиришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG