Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстанда репрессия курмандыктары эскерилүүдө


“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиршинче, бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык-музей комплексинде 1938-жылкы репрессиянын курмандыктарына, жазуучу Чынгыз Айтматовго жана 7-апрелде окко учуп, сөөктөрү Ата-Бейитке коюлган балдарга куран окулуп, гүл коюлду. Иш чарага “Патироттук жаштар” кыймылы, “Таза табигат”, “Балдар укугун коргоо” лигасы өңдүү бир катар уюмдар катышты.

Жергиликтүү укук коргоочулар акыркы 3-4 жылдан бери расмий болбосо да 7-ноябрды репрессияга кабылгандарды эскерүү күнү катары белгилеп келатышат. «Эл душманы» жарлыгы тагылган кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучулары 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылып, алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Андан элүү үч жылдан соң табылган маркумдардын сөөгү 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай «Ата-Бейит» деп аталган.(AzK)

XS
SM
MD
LG